НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $78 371 -0.4% ETH $2 476 -0.7% USDT $1.00 0.0% BNB $725 -3.5% SOL $102 -1.5% XRP $1.39 -1.6% USDC $1.00 0.0% ADA $0.21 -2.1% DOGE $0.09 -4.3% TRX $0.34 +0.1%

Кыргызстан жана Binance крипто-билим берүү жана санариптик сабаттуулук боюнча стратегиялык кызматташтыкты баштады

17 март 2026

Кыргызстан билим берүү системасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана инновацияларды киргизүү

Кыргызстан жана Binance крипто-билим берүү жана санариптик сабаттуулук боюнча стратегиялык кызматташтыкты баштады

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Binance Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын колдоосу менен санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билим берүү тармагына инновацияларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатышат.

Тараптар блокчейн-лаборатория түзүү, Binance Academy платформасын кыргыз тилине ылайыкташтыруу жана аялдарды санариптик экономикада колдоого багытталган «500 Women in Crypto» демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча макулдашышты.

Өнөктөштүктүн максаты - жаңы муундагы адистерди даярдоо жана Кыргызстанды инновациялар жана виртуалдык активдер боюнча регионалдык борбор катары бекемдөө.

Шрифттин өлчөмү

Түс