НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $80 600 0.0% ETH $2 342 -1.0% USDT $1.00 0.0% BNB $744 +1.7% SOL $101 -0.1% XRP $1.30 +1.5% USDC $1.00 0.0% ADA $0.21 -1.4% DOGE $0.08 -0.9% TRX $0.33 -0.4%

Айзада Субакожоева Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

16 октябрь 2026

2026-жылдын июнь айынан тартып А.М. Субакожоева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Айзада Субакожоева Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен А.М. Субакожоева Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Айзада Субакожоева дипломатиялык чөйрөдө олуттуу иш тажрыйбасына ээ.

2006-жылдан 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип, ар кандай жооптуу кызматтарды, анын ичинде Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи жана Экинчи саясий департаменттин директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүн жетектеген жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысынын орун басары кызматын ээлеген.

ВАУАнын жамааты Айзада Муратбековнаны жаңы жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Агенттиктин ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет жана кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүдө жана чыңдоодо ийгиликтерди каалайт.

Шрифттин өлчөмү

Түс