НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $80 915 +0.9% ETH $2 348 +0.9% USDT $1.00 0.0% BNB $756 +1.9% SOL $102 +1.5% XRP $1.32 +0.5% USDC $1.00 0.0% ADA $0.20 +0.1% DOGE $0.08 +2.7% TRX $0.33 +1.1%

ВАУА виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салууну өркүндөтүү жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

28 октябрь 2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик (ВАУА) виртуалдык активдер рыногун жөнгө салууну өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча ишин улантууда.

ВАУА виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салууну өркүндөтүү жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

Аталган маселелер 2026-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында каралган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу, ошондой эле санкциялык тобокелдиктерди азайтуу иштерин улантуу милдеттери аныкталган.

Бул багытта ВАУА рыноктун катышуучуларына коюлуучу талаптарды өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү, ошондой эле текшерүү жана тобокелдиктерди баалоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

Негизги багыттардын бири Кыргыз Республикасындагы виртуалдык активдер чөйрөсүндө верификациялоо, лицензиялоо жана контролдоо үчүн бирдиктүү санариптик платформаны ишке киргизүүгө даярдык көрүү болуп саналат. Аны түзүү демилгеси Улуттук кеңеш тарабынан колдоого алынган.

Платформада арыз берүүчүлөрдү верификациялоо механизмдерин жана блокчейн-аналитика инструменттерин колдонуу каралууда. Тактап айтканда, компаниялар, алардын жетекчилери жана түпкү менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде санкциялык тизмелер боюнча текшерүү пландалууда. Бул арыздарды кароодо тобокелдиктерди аныктоого жана аларды эске алууга жардам берет.

Платформаны иштеп чыгуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө жана виртуалдык активдер рыногун мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга да багытталган.

Маалымат үчүн

Санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун билдирүүсүндө айтылган. Билдирүүдө виртуалдык активдер чөйрөсүндө бирдиктүү санариптик платформаны иштеп чыгуу жөнүндө маалымат да берилген.

Шрифттин өлчөмү

Түс