НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $77 856 +0.2% ETH $2 262 +0.3% USDT $1.00 0.0% BNB $712 +0.9% SOL $94.66 -1.7% XRP $1.25 -0.2% USDC $1.00 0.0% ADA $0.19 -0.2% DOGE $0.08 0.0% TRX $0.31 -2.1%

ВАУА ири эл аралык криптовалюта платформасына жасалган киберчабуулга байланыштуу жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт

30 октябрь 2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик (ВАУА) ири эл аралык Binance криптовалюта платформасына жасалган хакердик чабуулдарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын өз аккаунттарын, виртуалдык активдерин жана криптокапчыктарын коргоо чараларын күчөтүүнү сунуштайт.

ВАУА ири эл аралык криптовалюта платформасына жасалган киберчабуулга байланыштуу жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт

Киберкоопсуздук жаатындагы коркунучтар сакталып турган шартта ВАУА жарандардын көңүлүн жасалма веб-сайттарды, зыяндуу шилтемелерди колдонуу, ошондой эле аккаунттарга жана криптокапчыктарга уруксатсыз кирүүгө аракет кылуу менен байланышкан алдамчылык тобокелдиктерине бурат.

Ушуга байланыштуу ВАУА Кыргыз Республикасындагы виртуалдык активдер рыногун мамлекеттик жөнгө салуучу орган катары жарандарга төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайт:

1. Аккаунттардын корголушун күчөтүү: эки факторлуу аутентификацияны (2FA) колдонуу жана ар бир аккаунт үчүн өзүнчө, ишенимдүү сырсөздөрдү пайдалануу.

2. Электрондук почтанын коопсуздугун камсыз кылуу: аккаунтка байланышкан электрондук почта үчүн ишенимдүү сырсөз колдонуу жана эки факторлуу аутентификацияны иштетүү.

3. Шектүү шилтемелерге өтпөө: белгисиз тиркемелерди ачпоо жана билдирүүлөр белгилүү криптовалюта платформаларынын атынан жөнөтүлгөн күндө да алардын аныктыгын текшерүү.

4. Купуя маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөө: сырсөздөрдү, ырастоо коддорун, купуя ачкычтарды жана криптокапчыктарды калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу жашыруун сөз айкаштарын эч кимге билдирбөө.

5. Маалыматты расмий булактар аркылуу текшерүү: өзгөчө компенсациялар, техникалык мүчүлүштүктөр, аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү жана каражаттарды шашылыш которуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөргө көңүл буруу.

6. Аккаунттардагы аракеттерди көзөмөлдөө: жүргүзүлгөн операциялардын тарыхын, туташкан түзмөктөрдү жана үчүнчү тараптын тиркемелерине берилген уруксаттарды үзгүлтүксүз текшерүү.

Мындан тышкары, ВАУА виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кызматтарынан пайдалануудан мурун алардын лицензиялык статусун агенттиктин расмий реестрлеринен текшерүүнү сунуштайт. Зарыл болгон учурда маалыматтын актуалдуулугун түздөн-түз ВАУАдан тактоого болот.

Агенттик ошондой эле жарандарды лицензиясы бар виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кызматтарынан пайдаланууда да сак болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Мамлекеттик жөнгө салуу жана колдонуучулардын өз каражаттарын коргоого жоопкерчиликтүү мамилеси тобокелдиктерди азайтуунун маанилүү шарттары болуп саналат.

Маалымат үчүн:

2026-жылдын 30-октябрында эл аралык Binance криптовалюта платформасы маалыматтык коопсуздукка байланышкан инцидент тууралуу билдирген. Компаниянын маалыматына ылайык, анын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар көрүлүп, укук коргоо органдары жана тиешелүү тармактык уюмдар менен өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Binance колдонуучулардын жоготууларын SAFU резервдик фондунун жана компаниянын өз каражаттарынын эсебинен жабуу ниетин билдирген.

Мындай инциденттер киберкоопсуздук маселелеринин актуалдуулугун жана виртуалдык активдерди пайдаланууда сактык чараларын көрүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат.

Шрифттин өлчөмү

Түс