Комитет өз ишин баштагандан бери ВАУАнын жетекчиси Ф.А. Иминовдун төрагалыгы алдында төрт отурум өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларын лицензиялоо, мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышы, ошондой эле жетекчилик кызматтарга талапкерлердин талапкерлигин макулдашуу маселелери каралды. Комитеттин бардык чечимдери бир добуштан кабыл алынды.
Төрт отурумдун жыйынтыгында Комитет тарабынан виртуалдык активдер чөйрөсүндө иш алып барган төрт компанияга лицензия берүүгө макулдук берилди.
Ошол эле учурда, берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу үч арыз ээсине лицензия берүүдөн баш тартылды.
Мындан тышкары, коомдордун аталыштарынын өзгөрүшүнө байланыштуу эки лицензияны кайра тариздөө, ошондой эле мурда берилген документте техникалык ката аныкталгандыгына байланыштуу лицензиянын жаңы бланкын берүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды.
Кадрдык маселелерди кароонун алкагында Комитет тарабынан 17 жетекчи жана кызмат адамынын, ошондой эле бир коомдун уюштуруучусунун талапкерлиги макулдашылды. Ошол эле учурда, тиешелүү арыз ээси лицензиялоо жол-жобосунан өтпөгөндүгүнө байланыштуу үч талапкердин талапкерлигин макулдашуудан баш тартылды.
Башка эки компанияга лицензия берүү жана лицензиянын колдонулушун кайра жандандыруу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана арыз ээлеринен зарыл маалыматтар алынганга чейин кошумча иштеп чыгууга жөнөтүлдү. Дагы бир коомдун уюштуруучусунун жана жетекчисинин талапкерлигин кароо суралган документтер берилгенге чейин кийинкиге калтырылды.
Комитеттин бардык чечимдери Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык кабыл алынды.
ВАУА лицензиялоо жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, белгиленген талаптардын сакталышына жетишүү, ошондой эле виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ишмердүүлүгү үчүн жөнгө салынган жана жоопкерчиликтүү чөйрөнү калыптандыруу багытындагы иштерин улантууда.
Комитеттин ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана уюмдардын ишкердик беделин сактоо менен жалпыланган түрдө берилди.