НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $80 550 -0.1% ETH $2 341 -1.0% USDT $1.00 0.0% BNB $743 +1.5% SOL $101 -0.1% XRP $1.30 +1.6% USDC $1.00 0.0% ADA $0.20 -1.5% DOGE $0.08 -0.9% TRX $0.33 -0.4%

ВАУА виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү

21 октябрь 2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикте (ВАУА) виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү.

ВАУА виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча ведомстволор аралык кеңешме өткөрдү

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин үчүнчү жыйынында коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Катышуучулар укуктук жөнгө салууну жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү, ведомстволор аралык маалымат алмашуу, ошондой эле виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү тобокелдиктерге жана коркунучтарга чара көрүү маселелерин талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча мындан аркы милдеттер аныкталды.

Шрифттин өлчөмү

Түс