НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $74 629 -1.7% ETH $2 122 -5.1% USDT $1.00 0.0% BNB $687 -1.6% SOL $86.26 -3.8% XRP $1.09 -5.7% USDC $1.00 0.0% ADA $0.18 -1.3% DOGE $0.07 -2.2% TRX $0.32 -1.0%

Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдер тармагында кызматташтыкты жолго коюуда

6 ноябрь 2026

2026-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) башчысы Фархат Иминов Эль-Сальвадор Республикасынын Санариптик активдер боюнча улуттук комиссиясынын (CNAD) төрагасы жана аткаруучу директору Хуан Карлос Рейес Гарсия менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдер тармагында кызматташтыкты жолго коюуда

Жолугушуунун алкагында ВАУА менен CNAD ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле виртуалдык активдерди жана санариптик финансылык инструменттерди жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

CNAD менен кызматташуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин тапшырмаларын ишке ашыруунун практикалык кадамдарынын бири болуп саналат. Аталган кызматташуу эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүгө жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын, стратегиялык артыкчылыктарын эске алуу менен жөнгө салуунун алдыңкы тажрыйбаларын киргизүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын институционалдык өнүгүү этаптарында окшоштуктар бар экенин белгилешти.

Фархат Иминов ВАУАнын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ыйгарым укуктары жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүдөгү артыкчылыктуу милдеттери тууралуу маалымат берди. Ал виртуалдык активдер чөйрөсүндө лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүү үчүн блокчейн-аналитиканын заманбап инструменттерин жана эл аралык стандарттарды колдонуу менен бирдиктүү санариптик платформаны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Мындан тышкары, ВАУА тармакты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын, анын ичинде реалдуу активдерди токенизациялоону (RWA), инновациялык финансылык жана технологиялык чечимдерди сыноо үчүн жөнгө салуучу эксперименттик чөйрөлөрдү (регулятордук песочницаларды) киргизүүнү, ошондой эле инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин иштеп чыгууда.

Эль-Сальвадор тарап рыноктун катышуучуларынын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоо, көзөмөл механизмдерин колдонуу жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүү жаатындагы практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.

Укуктук, финансылык жана технологиялык багыттарды, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнү камтыган комплекстүү жөнгө салуу ыкмасына өзгөчө көңүл бурулду.

Талкуунун өзүнчө багыты катары виртуалдык активдердин мамлекеттик резервин түзүү, аны башкаруу механизмдери, активдерди коопсуз сактоо жана коргоо маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуунун маанилүү шарты катары кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүнүн жана квалификациялуу кадрларды даярдоонун зарылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу биргелешкен окутуу иш-чараларын жана практикалык консультацияларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну ырааттуу өнүктүрүүгө жана кол коюлган меморандумдун жоболорун ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Маалымат үчүн:

2021-жылы Эль-Сальвадор Bitcoinди мыйзамдуу төлөм каражаты катары тааныган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгон.

2023-жылы «Санариптик активдерди чыгаруу жөнүндө» мыйзам (Digital Assets Issuance Law) кабыл алынган. Анын негизинде Санариптик активдер боюнча улуттук комиссия (CNAD) түзүлүп, ага санариптик активдерди, анын ичинде стейблкоиндерди жана токенизацияланган инструменттерди чыгарууну жана жүгүртүүнү лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө ыйгарым укуктары берилген.

CNADдын төрагасы Хуан Карлос Рейес Гарсия берген маалыматка ылайык, 2026-жылдын 16-октябрына карата Комиссиянын көзөмөлүндө 158 компания болгон, ал эми санариптик активдердин, анын ичинде стейблкоиндердин чыгарылышынын жалпы көлөмү 193,23 миллиард АКШ долларын түзгөн.

2026-жылдын октябрь айына карата Комиссия келип түшкөн 524 арыздын 36 пайызын жактырган.

Шрифттин өлчөмү

Түс