Жыйынга Улуттук кеңештин мүчөлөрү, анын ичинде Кеңештин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, ошондой эле Кеңештин курамына кирген министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, эксперттик жана кесиптик коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр катышты.
Жыйынды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстан глобалдык тенденциялардын нугунда ырааттуу өнүгүп, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны өркүндөтүп, зарыл болгон технологиялык жана финансылык инфратүзүмдү түзүп жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы бизнес-коомчулук жана инвесторлор тарабынан бул багытка кызыгуунун өсүп жатышы тармактын олуттуу потенциалы бар экенин көрсөтүп жатканын белгиледи.
Президент Улуттук кеңешти түзүү өз убагында кабыл алынган чечим болгонун айтып, анын алкагында мамлекеттик органдардын, кесиптик жана эксперттик коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттери бириктирилип, тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жана бирдиктүү мамилени калыптандырууга шарт түзүлгөнүн белгиледи.
Ошол эле учурда Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттикти түзүү тармакты натыйжалуу жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле негизги демилгелерди координациялоого багытталганын айтты.
Мамлекет башчысы стратегиялык максат катары Кыргыз Республикасын виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча аймактык хабга айландыруу милдетин белгиледи.
Анын айтымында, мындай хаб – бул технологиялардын жана айрым долбоорлордун жыйындысы гана эмес. Ал заманбап жөнгө салуу системасын, ишенимдүү инфратүзүмдү, адам капиталын, коопсуздукту, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана эл аралык кызматташтыкты камтыган бүтүндөй экосистема болушу керек.
Президент жарандарга салттуу финансылык инструменттер менен виртуалдык активдердин ортосунда тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, бул үчүн түшүнүктүү, ачык-айкын жана коопсуз шарттарды түзүү керектигин айтты.
Жыйындын жүрүшүндө тармактагы институционалдык механизмдерди жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда Агенттик тарабынан виртуалдык активдерди тейлөөчүлөрдүн ишин лицензиялоо, майнинг, стейблкоиндерди жана реалдуу активдерди чагылдырган RWA-токендерди чыгаруу, ошондой эле жөнгө салуучу пилоттук чөйрө боюнча жети ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты.
Жыйындын алкагында ВАУА виртуалдык активдер чөйрөсүндө Лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүүнүн бирдиктүү санариптик платформасын түзүү демилгесин сунуштады.
Аталган платформа мамлекет менен рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн бирдиктүү санариптик системага өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Анын жардамы менен арыз берүү жана лицензия алуу жол-жоболорунан тартып отчеттуулукту тапшырууга, ишмердүүлүккө мониторинг жүргүзүүгө жана тобокелдиктерге багытталган көзөмөлдү ишке ашырууга чейинки процесстерди санариптештирүү каралууда.
Жыйында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу жана тобокелдиктерди башкаруу маселелери да каралды.
Мындан тышкары, санкциялык тобокелдиктерди азайтуу, рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана салыктык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча чаралар талкууланды.
Күн тартибинде санариптик сомду чектелген чөйрөдө пилоттук режимде киргизүү маселеси өзгөчө орунду ээледи.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы санариптик сом долбоору боюнча маалымат берип, тиешелүү презентацияны сунуштады.
Ошондой эле KGST стейблкоинин өнүктүрүү жана калктын финансылык жана криптосабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлор талкууланды.
Жыйындын өзүнчө бөлүгү реалдуу активдерди токенизациялоонун келечегине арналды.
Бул багыт реалдуу экономикага капитал тартуунун жаңы механизми катары каралып жатканы белгиленди. Жыйындын жүрүшүндө биринчи пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүгө өтүү боюнча концепция, анын ичинде күн электр станциясын куруу долбоорунун мисалында сунушталды.
Жыйынга Улуттук кеңештин мүчөсү, блокчейн-технологиялар жана санариптик активдер жаатындагы эл аралык эксперт, Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао (CZ) да катышты.
Өз сөзүндө CZ Кыргызстандын бул багыттагы олуттуу жетишкендиктерин белгилеп, өлкө жалпы көз карашты калыптандыруу этабынан конкреттүү жана иш жүзүндө иштеп жаткан экосистеманы түзүүгө өтүп жатканын айтты.
Ал ошондой эле өлкөдө саясий эрктин бар экенин жана мамлекеттин жаңы технологиялык тармак менен конструктивдүү кызматташууга ачык экенин белгиледи.
CZ Кыргызстандын виртуалдык активдер чөйрөсүндө лицензиялоо, стейблкоиндерди колдонуу жана реалдуу активдерди токенизациялоо боюнча жөнгө салуу архитектурасын өнүктүрүп жатканын белгилеп, жөнгө салуу тобокелдиктерди азайтуу менен гана чектелбестен, бизнести өнүктүрүүгө да мүмкүнчүлүк түзүшү керектигин айтты.
Анын пикиринде, эрежелер түшүнүктүү, ачык-айкын жана технологиялык жактан нейтралдуу болуп, ошол эле учурда колдонуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
CZнин айтымында, Кыргызстандын виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча аймактык борборго айлануу максатына жетүү үчүн эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү, технологиялык компанияларды жана инвесторлорду тартуу, ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү, ошондой эле коопсуздук жана финансылык мониторинг жаатындагы эл аралык стандарттарды сактоо зарыл.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча бир катар негизги милдеттерди белгиледи.
Алардын катарында ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу – Лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүүнүн бирдиктүү платформасын түзүү, санариптик сомду пилоттук режимде киргизүү жана KGST стейблкоинин өнүктүрүү, ошондой эле коопсуздукту жана тобокелдиктерди башкаруу чараларын күчөтүү, тармак үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо милдеттери белгиленди.
ВАУАга мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ал эми Улуттук кеңешке мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу тапшырылды.